Жаңылыктар
"Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
 "Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылды

Туманга байланыштуу "Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат бөлүмү билдирет. Ага караганда, азыркы тапта аба майданы учактарды кабыл албай жана коё бербей жатат. 

Аэропорттун аймагын коюу туман каптаган. Аба майдан жүргүнчүлөрдү алдын ала каттодон өткөрүп, бирок каттамдар жылдырылып жатканын билдирүүдө. 

Ошондой эле, туманга байланыштуу аэропортко коно турган каттамдар Оштогу жана Алматыдагы учак аянттарына жиберилген.