Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү боюнча токтом кабыл алды
Айыл чарба
Жогорку Кеңеш жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү боюнча токтом кабыл алды

Жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү боюнча Өкмөттүн маалыматын эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Депутаттар токтомдо белгиленген тапшырмалардын аткарылышы боюнча кызмат адамдарынын жоопкерчилигин белгилөө, өлкө аймагына контрабандалык жол менен кирүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнө бөгөт коюу сыяктуу  бир катар сунуштарын беришти. 

Белгилей кетсек, 15-февралда Өкмөт Парламентке жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшу тууралуу маалымат берди. Эл өкулдөрү жыйын жүрүшүндө күйүүчү майлоочу майлар, жер семирткичтер, үрөн, техника, тармактагы адистерди даярдоо багытында берген суроолоруна жооп алышты. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Гүлбүбү Үсөнова, "Биринчи радио"