Жаңылыктар
Нарында өспүрүмдөр арасында хоккей боюнча эл аралык турнир
Спорт
Нарында өспүрүмдөр арасында хоккей боюнча эл аралык турнир

Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы муз аянтчасында 17-18-февраль күндөрү өспүрүмдөр арасында хоккей боюнча эл аралык турнир өтөт.

Маалым болгондой, турнирге 2007-2009-жылы төрөлгөн балдар катышат. Ал хоккейди өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо жана жакынкы мамлекеттер арасындагы достукту бекемдөө максатында Нарын хоккей лигасы тарабынан уюштурулууда. Турнирге 4 команда – Казакстан мамлекети, Бишкек, Нарын шаарлары жана Кеңеш айылынын курамасы катышат.

Учурда нарындык жаш хоккейчилер мелдешке кызыуу даярданып жатат.