Жаңылыктар
Футбол боюнча Кыргызстан курамасы ФИФАнын көрсөткүчүндө 115-орунга жазылды
Спорт
Футбол боюнча Кыргызстан курамасы ФИФАнын көрсөткүчүндө 115-орунга жазылды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФАнын рейтингинде позициясын жогорулатты. Жаңыланган рейтинг бүгүн, 15-февралда ФИФАнын расмий сайтына жарыяланды.

Кыргызстандын командасы 282 упай менен бир катарга жогорулады. Муну менен команда 115-орунга жазылды. 2018-жылдын январь айында Александр Крестининдин жетекчилиги алдындагы курама 116-орунга ээ болгон болчу.

Ушул жылдын март айында Кыргызстандын курамасы Азия кубогунун тандоо турунун алкагында 2 оюн өткөрүүнү пландап жатат. 22-мартта Түштүк Кореяда Мьянмага каршы оюн көрсөтсө, 27-мартта Бишкекте Индиянын командасы менен оюн талаасына чыгат. Ошондой эле, Кыргызстандын курамасы 29-майда Азербайжандын командасы менен достук беттешин өткөрөт. Аталган өлкөнүн курамасы рейтингдин 119-катарына (-1) жазылды.

Жаңыланган рейтингде Мьянма курамасы 142-орунда (-2), ал эми Индия 102-катарда турат.