Жаңылыктар
Сузак районундагы асфальт заводу жаздан тартып өз жумушун баштайт
Экономика
Сузак районундагы асфальт заводу жаздан тартып өз жумушун баштайт

Быйыл бул облуста бир нече ишкана ишке кирет. Алардын бири Сузак районундагы асфальт заводу жаздан тартып өз жумушун баштайт. Мындан сырткары жергиликтүүлөрдү жумуш орундар менен камсыз кылуучу өндүрүш ишканаларынын курулушу башталары күтүлүүдө.


Сузак районунун Ынтымак айылына жаңы курулгун бул асфальт завод жаз айларында ишке берилет. Эми бул заводдо 20 дан кем эмес адам жумуш менен камсыз болот.

Алайбек Акматовдун айтымында, заводдун курулушунда экологияны коргоо жагы каралган. Абаны булгаган түтүн болбойт. Бул багытта атайын технология түтүндү кайра тазалоого алат. Курулушка 10 миллион сомдон ашуун каражат сарпталган.

Жаңы курулган асфальт заводдон анча алыс эмес жерге таш майдалоочу жана дагы бир асфальт чыгаруучу заводдун курулушу башталганы турат. Учурда завод курулуучу жер даярдалууда. Сай жээгиндеги бул таштак жер буга чейин пайдаланылбай турган.

Ал эми Сузак айыл өкмөтүнүн тургуну Хожиакбар Мамажанов өзүнүн айыл чарба багытындагы 2 жарым гектар кайрак үлүш жерине кирпич чыгаруучу завод курууну көздөп турат. Жерди трансформациялоо үчүн өкмөткө тиешелүү документтер жиберилген. Ишкер заводду курууга кетүүчү каражат маселесин да чечип койгон. Болгону өкмөттүн токтомун гана күтүп турат. Ал оор тихникалардын айрымдарын да сатып алып койгон. Хожиакбар Мамажановдун айтымында, завод 100дөй жумушчу орунду пайда кылат.