Жаңылыктар
Мамлекеттик сатып алуу толугу менен электрондук түргө өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик сатып алуу толугу менен электрондук түргө өттү

Мамлекеттик сатып алуу толугу менен электрондук түргө өттү. Адистер эми баа жана сапат бири бирине шайкеш келе тургандай болушу керек дешүүдө. Мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруу 3 этапта жүрдү. Алгач мыйзамдык база, андан соң аны ишке ашыруучу органды түзүү, кийинки этапта сатып алуулардын ачыктыгын камсыз кылуу максаты көздөлгөн. 

Адистердин белгилөөсүндө бюжеттик каражаттын 40 пайызга жакыны сатып алууларга жумшалат, андыктан каражатты үнөмдүү жана натыйжалуу башкаруу башкы максат. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.  

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"