Жаңылыктар
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношуна 25 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношуна 25 жыл

Кыргызстан менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношуна 25 жыл толгондугуна байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Эки мамлекет башчылары мамлекеттер ортосундагы салттуу достукту, жакшы кошуналыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана тереңдетүү эки өлкө калкынын түпкү кызыкчылыктарына шайкеш келерин белгилешти. 

Саясий диалогду мындан ары карай тереңдетүүнүн жана 2017-жылы жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар учурунда жетишилген бардык макулдашууларды жүзөгө ашыруунун маанилүү экени баса белгиленди.

Сүйлөшүү учурунда соода-экономикалык өз ара аракеттешүүнүн жана чек ара маселелери боюнча кызматташуунун мындан аркы пландары да талкууланды.

Мамлекеттик чек аранын калган бөлүгүн делимитациялоону тездетүүнүн зарылчылыгы өзгөчө белгиленди.