Жаңылыктар
Кыргыз-чех кызматташтыгы тарыхта да орун алды
Саясат
Кыргыз-чех кызматташтыгы тарыхта да орун алды

 Кыргызстанга алгачкы жолу расмий сапар менен келген Чехия өкүлдөрү бүгүн "Интергельпо" чех кооперативинин негизделгендигинин 90 жылдыгына арналган көргөзмөгө катышты. 

Көргөзмө “Адам кыялындагы миссионерлер” деп аталып, ал тарых музейинде орун алды. Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек баштаган делегацияны - иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеп барды. Көргөзмөдө 20-жылдардагы Кыргызстандын өнөр-жайынын өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон “Интергельпо” өндүрүш кооперативинин таржымалы чагылдырылган. 

“Кыргызстандын өнөр-жайынын жаралуусуна жана бекемделүүсүнө “Интергельпо” кооперативи чоң салым кошкону баарыбызга белгилүү. Чех жумушчуларынын аракетинин негизинде Кыргызстандагы миңдеген адам дасыккан адис болуп чыккан. Чехиядан келгендердин максаты - биздин жаш мамлекеттин экономикасын көтөрүү болгон. Алар чыныгы энтузиаст, чынчыл жана ак ниет болгон. Көргөзмө биз алардын эмгеги менен сыймыктанаарыбызды билдирет" - деп белгилеп кетти Жогорку Кеңешинин төрөгасы Асылбек Жээнбеков.  

Маселен, ошол кездеги кооператив чыгарган өндүрүштүн үлгүлөрү, документтер коюлган. Тараптар көргөзмөнү тарыхый окуя катары баалап, кыргыз-чех кызматташтыгын арттырууга өбөлгө болоорун баса белгилешти. Чехиялык делегациянын эки күндүк сапары бүгүн жыйынтыкталды.

Кыргыз-чех кызматташтыгынын тарыхына токтоло кетсек, 1925-жылы апрелде Чехословакиядан келген жумушчулар Кыргызстанда эң мыкты механизацияланган булгаары заводун, жыгач тилүүчү жана кыш заводун, бут кийим жасоочу, жыгач уста жана темир устачылык өнөрканаларын курушкан. 

Айыл-чарба өндүрүш тармактары уюштурулуп, тургундарга турак-жай, мектеп, бала-бакча, эс алуучу жайлар салынган. Чехословакиялык жумушчулардын көрсөткөн көмөгү кыргыз-чех достугунун жана эл аралык тилектештигинин чыңдалышына ошондо эле чыйыр салган.