Жаңылыктар
Экспорттук дараметти арттырууга көрүлгөн чаралар
Экономика
Экспорттук дараметти арттырууга көрүлгөн чаралар

Кыргызстан быйыл экспорттук көрсөткүчтү былтыркыдан да жогорулдатууну максат кылууда. Анын ичинен айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоо 30 пайызга чейин жеткирилет. 

Бул ЕАЭБден тышкары үчүнчү мамлекеттердин рынокторуна сатылат дегендик. Маселен Иран кой этин сатып алууга кызыкдар. Ал эми Араб мамлекеттери бал менен кургатылган жемишти алат. Ата мекендик кийим-кечелерге да суроо-талап жогору.

Чет өлкөгө 100 пайыз экспортко чыккан айыл чарба азыктарынын бири төө буурчак. Былтыр 44 миң тонна төө буурчак 23 мамлекетке экспорттолгон. Негизинен Түркия жана андан ары таңгакталып Европа мамлекеттерине кетет. Дыйкандар күзүндө фасолдун килограммын 85 сомго чейин сатат, кышкысын 65-50 сомдон. 

Төө буурчактан кийин экспортко кетип жаткан айыл чарба азыгы- пахта буласы. Мындан улам быйыл пахтанын аянты көбөйтүлдү. 2016-жылга караганда былтыр экспорт 30га пайызга жогорулаган. Сыртка сатылып жаткан товарлардын 80 пайызы ЕАЭБ калган пайызы Европа шериктештигине, Кытай, Иран, Пакистан жана Араб мамлекеттерине экспорттолот.

Быйыл да экспорттун көрсөткүчүн 30 пайызга чейин жогорулатуу максаты бар. Бул багытта ЕАЭБден тышкары үчүнчү мамлекеттер менен алдын-ала макулдашуулар түзүлгөн.

Эксперттердин пикиринде өлкө ЕАЭБге кошулганы экспорттун көрсөткүчү кыйла жакшырды, кайра иштетүү ишканаларынын ачылып жатканы кубандырат. Бирок товарларга мындан дагы жогору суроо-талап жаратуунун үстүндө иш алып баруу керек-дейт талдоочулар. Ал үчүн Кыргызстандан чыккан товар экенин тааныган же ошол товарды издегидей бренддин үстүндө иштөө зарыл.