Жаңылыктар
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзам жаңыланды
Саясат
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзам жаңыланды

Шаар мэрлери менен айыл өкмөт башчыларын шайлоонун эрежеси өзгөрдү. Эми жергиликтүү бийлик өкүлүн аныктоого депутаттардын жарымынан көбү катышса жыйын өттү деп эсептелет.

Буга чейин эл өкүлдөрүнүн үчтөн экиси добуш берүүгө катышмайын төрага, мэр жана айыл өкмөт башчылары шайлана алчу эмес. Айрым учурларда бул ченем аймакта атайылап саясий куралга айланган. Мындай алешемдиктерди жоё турган мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.


Эми эреже өзгөрдү. Мамлекет башчысы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жаңыланган мыйзамга кол койду.

Элдин көйгөйүн чече турган элеттин башкаруучусун тандай албагандыктан жергиликтүү кеңештер кайра-кайра таркатыла берип, шайлоонун да баркы кеткендей. Соңку өткөрүлгөн добуш берүүгө айрым айылдарда шайлоочулардын 8 пайызы гана катышкан.