Жаңылыктар
Ачкачылык жарыялаган төңкөрүшчүлөр эмнени көздөшүүдө?
Саясат
Ачкачылык жарыялаган төңкөрүшчүлөр эмнени көздөшүүдө?

Өткөн жылдын апрель айында камакка алынган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков адилеттүүлүктү талап кылып, ачкачылык жарыялашкан. 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдиргендей, ачкачылык жарыялагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, учурда суу ичип жатышат. 

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков - мамлекеттик төңкөрүш жасоого жашыруун макулдашкан деп айыпталган. Алардын мамлекеттин бүтүндүгү жана коопсуздугуна коркунуч жарата турган аракеттери аудио жана видео материалдар менен далилденген.

Кадыров менен Карыбеков №1 убактылуу кармоочу жайга которулду. Ал эми Бектур Асанов ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу үчүн №47 колонияда калган. Комиссиянын жыйынтыгы менен алар жакынкы күндөрү жазасын өтөө үчүн башка колонияга которулат.

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков ачкачылык жарыялоо менен УКМКнын жетекчиси Абдиль Сегизбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Алардын бул талабы боюнча Акипресс маалымат булагына Ильяс Кангелди аттуу жаран жарандык пикирин билдирген. Ал Асанов, Кадыров жана Карыбековдун ачкачылык жарыялоосун бийликке каршы саясий опуза катары баалаган. Автор сотто алардын күнөөсү далилденген болсо, анда эмне үчүн алар мындай аракет көрүп жатышат деген ачык суроо койгон. “Сегизбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылуу менен эмнени көздөп жатышат? Улуттук коопсуздук кызматы буга чейин эле алардын ишин толугу менен сотко өткөрүп берген болсо, анын кызматтан кетүүсү соттордун чечимине эч кандай таасир тийгизе албайт да”, - деп жазат Ильяз Кангелди. 

Асанов, Кадыров жана Карыбеков алар жөнүндө көбүрөөк маалымат таралышын камсыздап жатышат. Алар ачкачылык жарыялоо менен кырдаалды ого бетер курчутууга аракет көрүүдө дешет серепчилер.