Жаңылыктар
Өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган адам кармалды
Кылмыш
Өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган адам кармалды

Бишкек шаарында өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылды, - деп шектелген адам кармалып, камакка алынды. Анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Кылмышка шектүү киши чак түштө мектепке кирип барып, ыплас оюн ишке ашыргысы келген. Тартип сакчылары билим уясында мындай терс көрүнүш биринчи жолу катталып жатканын билдирди. 

Окуя 9-февраль күнү болгон. Мектепти кайтарган коопсуздук кызматына "кызыма келдим", - деп өтүп кеткен адам түз эле кыздардын дааратканасына кирип, ичиндеги 4-класстагы кызды зордуктоого аракет кылган. Ошол маалда артынан бирге окуган кыз классташын издеп келбесе, окуя кандай нукка бурулмак, адамдын жүрөгүнүн үшүн алат.

Ката кетирген кызматкер жумуштан алынды. Расмий маалыматтар боюнча балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн учурлар жыл сайын көбөйгөндүн үстүндө. Кылмышкерлердин жазасын күчөтүү боюнча мыйзамды депутаттар иштеп чыгып, ал кароодо. Аны менен бирге Акыйкатчы институту дагы Кылмыш жаза кодексине сунушталган бул өзгөртүүлөрдү колдой турганын билдирген.