Жаңылыктар
Жакында КТРКда жаңы көп сериялуу тасманын бет ачары
Маданият
Жакында КТРКда жаңы көп сериялуу тасманын бет ачары

19-февралда кечки саат 22:20да КТРК каналында казак кинорежиссёрлоруна таандык "Ата конушу" көп сериялуу тасмасынын бет ачары болот. Сүйүү жана жек көрүү, чыккынчылык менен достук, чечкиндүүлүк, үзүлбөгөн үмүт менен көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан тасмада үч бир туугандын тагдыры баяндалат. 

Айылда чоңойгон үч бир туугандын турмушу кинонун негизги өзөгү. Атасы Еримхан уулдарын жаштайынан мекенди сүйүүгө, улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүү менен ата-бабалардын каада-салтын унутпай карманууга тарбиялайт. “Ата конуш” телесериалынын жанры - мелодрама.