Жаңылыктар
ЖК "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Казакстанда кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Казакстанда кармалды

Муну бардык маалымат агенттиктери жазып чыкты. Маалыматтарга караганда, Казакстандын күч органдары чек ара аймактарында контрабанда менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүн кармоо үчүн жүргүзгөн атайын ири операцияда эки кыргызстандыкты кармаган. Анын бири Жогорку Кеңештин депутаты экени айтылууда. 

Тышкы иштер министрлиги болсо, бул маалымат такталып жатканын жана Казакстандын консулу Ерлан Абишев министрликке чакыртылып Кыргызстандын эки жараны кармалганын тастыктоо же төгүндөө, ошондой эле тастыкталса ким экенин аныктап, эмненин негизинде кармалганы боюнча маалымат алуу үчүн ТИМдин нотасы тапшырылды. Казакстан тараптан маалымат күтүп жатабыз", - деп билдирди маалымат кызмат.