Жаңылыктар
Өкмөттө Дүйнөлүк банк менен беш жылдык мөөнөткө кызматташтык Стратегиясын талкуулашты
Экономика
Өкмөттө Дүйнөлүк банк менен беш жылдык мөөнөткө кызматташтык Стратегиясын талкуулашты

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстан жана Дүйнөлүк банк ортосундагы 2018-2023-жылдарга кызматташтык Стратегиясын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешмени өткөрдү. Анда Өкмөт башчы атамекендик экономиканы өнүктүрүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен биргелешкен иштин натыйжалуулугу маанилүү экендигин билдирди.


Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук Кыргызстан ар кыл тармакта чоң дараметке ээ экендигин белгиледи. «Биринчиден, бул адамдар. Калктын жан башына карай эквиваленттик кирешесине карай башка өлкөлөргө салыштырмалуу калктын билим деңгээли дээрлик жогору экендигин белгилей кетүү керек. Экинчиден, бул – энергетикалык тармактагы чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу гидроресурстардын запасы. Мындан тышкары, Кыргызстан өлкөдөгү туризмдин динамикалуу өнүгүүсү үчүн негиз катары саналган мыкты жаратылышка ээ», – деди Лилия Бурунчук. 

Кеңешменин журүшүндө Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар өлкө экономикасына комплекстүү изилдөө жүргүзүү тууралуу маалымат берди. Премьер-министр Сапар Исаков айтылган маселелерди чечүү үчүн терең, түзүмдүк өзгөртүүлөр зарылдыгын айтты. Мындан тышкары, Сапар Исаков Дүйнөлүк банктын долбоорлорун «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасы менен синхрон-доштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйындын соңунда Премьер-министр жакынкы беш жылга карата Дүйнөлүк банк менен кызматташуу боюнча тыкыр чараларды иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик орган өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү тапшырды.