Жаңылыктар
Ош облусунун 146 калктуу конушунда таза суу көйгөйү бар
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун 146 калктуу конушунда таза суу көйгөйү бар

Алдыдагы беш жылда, Ош облусунун аймагында таза суусу жок бир да айыл, кыштак калбайт. Бул туурасында Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу агындылоону өнүктүрүү департаментинин Түштүк аймактык бөлүгү билдирди. Аталган кызмат тарабынан таза суу жетпеген калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу аракеттери башталды. Аймактарды өнүктүрүүгө карата көрүлүп жаткан аракеттер туурасында, кабарчыбыз Миргүл Бокошева кенирээк Тоготойлуктар үчүн таза суунун кадыры кыш күндөрү өзгөчө сезилет. 

Арыктан келген суу тоңуп акпай калса, коңшу айылдан суу тартып келүүдө жолдун ыраактыгы менен, тайгактыгы эки эсе түйшүк жаратат. Мындайда, үй кожейкелерине суунун ар бир тамчысын үнөмдөгөнгө туура келет. Эми бул көйгөйдүн артта калаарына саналуу гана күндөр калды. Айылдагы 500дөн ашуун үйдүн ар биринин короосуна суу түтүктөрү тартылды. Бул багытта 29 млн.сомдук долбоор жактырылган. 

Ири долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү элдин да үлүшү бар. Техника жетпеген курулуш, монтаждоо иштерине кол күчү талап кылынган. Мындай таза сууга муктаж облустун аймагында 146 калктуу конуш же, 308 миңдей эл бар.Таза сууга чанкаган айылдын тургундары мамлекет башчы тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү жылына” үмүт артып отурат. Үмүттөр мурдагыдай ооз эки айтылбай, атайын каржы маселеси чечилген аракеттин натыйжасында алдыдагы беш жыл аралыгында орундалаары күтүлүүдө.

Облустагы 39 калктуу конуш Дүйнөлүк Банктын 3-фазадагы долбооруна 3 этап менен кирди. Буга кеткен каражаттын болжолдуу суммасы - 21 млн. доллар же 1 млрд 5 млн. сомду түзүүдө. Өткөн жылда аталган облуста, республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси боюнча капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 17 объекттин курулушу башталган. Мунун үчөөсү пайдаланууга берилди. Быйылкы жылга облустун калкынын 76 пайызы таза суу менен камсыз болгон. Ал эми облуста жалпы: 484 калктуу конуш же, 1млн.