Жаңылыктар
Кайсы өлкөдөгү мигранттар көп акча салышат?
Экономика
Кайсы өлкөдөгү мигранттар көп акча салышат?

Былтыр чет жакта жүргөн Кыргыз мигранттары Кыргызстанга 2 миллиард 482 миллион доллар которду. Мындай маалыматты Улуттук банк жарыяды. 

Өлкөгө келген бул сумманын 90 пайызын Орусияда жүргөн мекендештер жөнөткөн. Башкача айтканда, алар которгон акча 2 миллиард 435 миллион доллар болгон. 

Белгилей кетсек, мигранттар мекенине которгон каражаттын суммасы 2015-жылы 1 миллиард 168 миллион долларды, ал эми 2016-жылы 1 миллиард 991 миллион долларды түзгөн.