Жаңылыктар
Ак-Ордо конушунун жашоочулары митингге чыгышты
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Ордо конушунун жашоочулары митингге чыгышты

 Бишкектеги Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочулары митинге чыкты. Алар жолго коюлган сулуулук салону менен дүкөндү алып салуу талабын коюуда. 

“Мына өзүңөр эле көргүлө. Суулук салону деп ачып жатат. Бизге анын кереги жок. Эрте менен 40 маршрутка чыккандар унаалар эмес биз жөө кишилер өтө албай калабыз. Ушуну чечип берсин, квартальный, айыл башчы, МТУ чечип берсин, кимге карайбыз чечип берсин” - дейт конушунун жашоочусу Жылдыз Сабыралиева.

Жергитиктүү тургундардын айтымында, коомдук делген жолдо бизнес кылгандардын айынан коомдук транспорттун жана унаалардын ары-бери өтүшүнө тоскоолдук жараткан тыгын да болот. Мунун айынан кырсыктуу окуялар дагы көп катталып, адам өмүрү кыйылган учурлар болгон.

 Жергиликтүү жашоочулар Тагай Бий көчөсүнө коюлган сулуулук салону менен дүкөн ээлерине ким уруксат бергенин билүү үчүн жергиликтүү бийликке да кайрылганын айтат.