Жаңылыктар
Өлкөбүз үчүн өткөн жыл жемиштүү жылдардан болду
Экономика
Өлкөбүз үчүн өткөн жыл жемиштүү жылдардан болду

Өткөн жылы Кыргызстанда тамак-аш, азык-түлүк багытында кайра иштетүүчү 10 ири ишкана ачылган. Бул тууралуу маалымат Экономика министрлигинин сайтында жарыяланды. 

Алардын ичинен Балыкчы шаарындагы "Оберон" логистикалык борбору, Ысык-Көлдүн Теплоключенка айылындагы "Ак-Суу органик" кооперативи, Бакай-Ата, Кадамжай, Араван жана Аксы райондорундагы айыл чарба продуктуларынын кампасы жана логистикалык борборлору жашылча-жемиштерди сактайт жана кайра иштетет. Ал эми "Жумгал-КыргызЭт" жана "Адалазык" ишканалары эт жана колбаса азыктарын даярдайт. 

Экономика министрлигинен билдиришкендей, бул ишканалар инвестициялардын жардамы менен иштеп жатат.