Жаңылыктар
КТРКда жаңы сериал
УТРК жаңылыктары
КТРКда жаңы сериал

Бүгүн кечки саат 22:20да КТРК каналында казак кинорежиссёрлоруна таандык "Ата конушу" көп сериялуу тасмасынын бет ачары болот. Сүйүү жана жек көрүү, чыккынчылык менен достук, чечкиндүүлүк, үзүлбөгөн үмүт менен көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан тасмада үч бир туугандын тагдыры баяндалат. 



Айылда чоңойгон үч бир туугандын турмушу кинонун негизги өзөгү. Атасы Еримхан уулдарын жаштайынан мекенди сүйүүгө, улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүү менен ата-бабалардын каада-салтын унутпай карманууга тарбиялайт. “Ата конуш” телесериалынын жанры - мелодрама.

КТРКнын үн коштоо студиясында актёрлор биринин артынан бири келип, каармандардын үнүн коштоо менен алек. Эрмек Казыбеков башкы каармандын жакын досунун үнүн коштоодо кыйынчылык деле болбогонун айтат. Негизгиси каармандын мүнөзүн түшүнүп, анын жан дүйнөсү менен жашоо керек.

Башкы каармандар толук кандуу үй - бүлөдө чоңойгону менен, өз алдынча турмуш кура келгенде түрдүү кыйынчылыктарга туш болушат. Күнүмдүк турмуштагы көйгөйлөр, туугандар менен болгон мамиле ар бир көрүүчүнү түйшүккө салат.  Тасма 100 сериадан турат. КТРК каналында дүйшөмбүдөн жумага чейин, кечки саат 22:20да көрсөтүлүп, эртеси күндүз кайталанып берилмекчи.