Жаңылыктар
Иранда учак кырсыгы 66 адамдын өмүрүн алды
Дүйнө
Иранда учак кырсыгы 66 адамдын өмүрүн алды

Aseman Airlines авиакомпаниясынын ATR 72 учагы Тегерандан Ясудж шаарына учуп келе жаткан. 

Ал жекшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат сегизде учуп, 50 мүнөттөн кийин радардан жоголуп кеткен. Катаал аба ырайына байланыштуу учак Дена кырка тоосун сүзгөн. 

Бортто жалпысынан 66 адам болгон. Алардын 60ы чоң кишилер, дагы бири ымыркай болгон. Алтоо экипаждын мүчөлөрү. 66 адамдын бардыгы тең набыт болду.