Ала-Арча улуттук паркында аскадан кулап кеткен экинчи альпинист Сайкаускас Салиюстун сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей кырсык 15-февраль күнү болгон.
Саякаттап жүргөн Литванын жарандары Сайкаускас Салиюс менен Кейскас Крупский Алис чуңкурга түшүп кетишкен.
Башкы штабдан тартылган тик учактын жана министрликтин куткаруучуларынын жардамы менен Кейскас Крупский Алис жаракат алган абалда табылып, ооруканага жеткирилген.