Жаңылыктар
Ошто таксисттин өлүмүнө айыпталган эки жоокер өмүр бою эркинен ажыратылды
Кылмыш
Ошто таксисттин өлүмүнө айыпталган эки жоокер өмүр бою эркинен ажыратылды

Таксисттин өлүмүнө айыпталган эки аскер кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Ош облустук соту чыгарды. Бул тууралуу облустук сот билдирет. Маалыматка ылайык, былтыр 5-августта Ош шаарындагы куралдуу күчтөр түзүмүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокерлер аскер бөлүгүнөн качып кетишип, шаарда такси айдаган жаранды муунтуп өлтүрүп, машинесин сатуу үчүн айдап кетишкен. 

Аскердик прокуратура факт боюнч кылмыш ишин козгоп, эки аскер тең камакка алынган эле. Былтыр 21-декабрь күнү Ош шаардык соту аскер кызматкерин 25 жылга, катардагы жоокерди 22 жылга эркинен ажыраткан. 

Жабырлануучу тарап апелляциялык тартипте жогорку инстанцияга кайрылган. Ош облустук соту 15-февраль күнү ишти карап, аталган эки аскер кызматкерин “адам өлтүрүү”, “аскерден качуу” жана “автоунааны ээлеп алуу” боюнча айыптуу деп таап, аларды өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарды.