Жаңылыктар
Президент Улан Исраиловго өлкөдө кылмыштуулук менен күрөштү активдештирүүнү тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Улан Исраиловго өлкөдө кылмыштуулук менен күрөштү активдештирүүнү тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Анда коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимине ылайык, ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чаралар жана тапшырмалар талкууланды.

Мамлекет башчысы - милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштер менен шугулданган, атүгүл кылмыштуу иштерге, анын ичинде баңги заттарын мыйзамсыз айлантууга байланышкан кылмыштарга аралашкан кызматкерлерден тазалануу боюнча жумушту күчөтүү милдетин койду. 

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы ички иштер органдарын реформалоого байланыштуу бардык иш-чараларды аягына чыгарууну тапшырып, Кыргызстанда эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн акыркы социологиялык изилдөөлөрдүн тыянактары боюнча коррупция жана жумушсуздук коомду өзгөчө түйшөлткөн көйгөйлөргө айланганын, бул сурамжылоолордо ички иштер органдары алдыңкы катарда экенин эскертти. 

«Силердин алдыңарда коррупцияны жоюу боюнча олуттуу милдет турат”, - деп белгилеген Президент - министр Улан Исраиловго милициянын катарын “погончон кубулмалардан” тазалоо ишин күчөтүүнү жана өлкөдө кылмыштуулук менен күрөштү активдештирүүнү тапшырды.