Жаңылыктар
ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу Алматы шаардык соту тарабынан эки айга кармалды
Кылмыш
ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу Алматы шаардык соту тарабынан эки айга кармалды

Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда өткөрүлгөн атайын операциянын учурунда кармалып, тергөө аяктагыча 2 айга камалып турмак болду. Мындай чечимди Алматы шаарынын соту чыгарды. Ал арада Казакстандын Башкы прокуратурасы аткезчилик операциясы боюнча билдирүү таратты. Бул жагдай боюнча соңку маалыматтарды кабарчыбыз топтоду.

15нен 16-февралга караган түнү Казакстандын 3 областы жана Алмата шаарында күч органдары атайын операцияны ишке ашырган. Натыйжада 35 киши кармалган. Аны Казакстандын Башкы прокуратурасы расмий билдирүүсүндө тастыктады. Алардын ичинен төртөө Кыргызстандын жараны жана алардын катарында Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар. Кармалгандардын арасында бажы жана укук коргоо органдарынын жогорку кызмат адамдары, ортомчулар, алып-сатарлар жана криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү бар экени айтылган. Бардык кармалгандарга, анын ичинде кыргыз жарандарына казактардын атайын кызматы чек арага жакын аймакта аткезчилик кылып жүргөн деген кине коюп жатат. Контрабандалык товар Кытайдан түз кирген. Ошондой эле көмүскө бажы схемалары жана жасалма документтердин негизинде Кыргызстан аркылуу кирип тургандыгын Казакстандын Башкы прокуратурасы маалымдады.

Бирок Бакыт Бакетаевдин пикиринде айрым депутаттар криминалдык жана башка дагы мыйзамсыз аракеттерге аралашып калышы мүмкүн деген маалыматтарга таң калбай деле койсо болот.

Саясий маселелер боюнча талдоочу Игорь Шестаковду башка маселе кооптондурат. Анын айтымында, парламенттик мамлекет болгон соң бир эле кыргыз коомчулугу эмес дүйнө коомчулугу дагы ар бир эл өкүлүн дыкат карап турат. Ошондуктан мындай көрүнүш намыска тиет.

Ал эми Дамирбек Асылбек уулу "Кыргызстан" фракциясынын депутаты. Эл өкүлү 2009-жылы биринчи жолу парламентке "Ак жол" фракциясы менен келген. Ал грек-рим күрөшу боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери жана Күрөш федерациясынын Азия комитетинин вице-президенти. Эми бул иш боюнча Дамирбек Асылбек уулун Алматы шаарынын соту тергөө аяктагыча убактылуу 2 ай камакта болот деген чечим чыгарды.

Бул парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары катышкан биринчи эле чуулуу окуя эмес. Буга чейин фракциянын мурдагы лидери Канат Исаевге Башкы прокуратура бир катар беренелер, анын ичинде "Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу" боюнча иш козгогон. Учурда ал камакта жана иши соттун кароосунда. Ушул эле партиянын дагы бир өкүлү Шаршенбек Абдыкеримов, депутаттар Дамирбек Асылбек уулу жана Салайдин Айдаров Өзбекстандын криминалдык чөйрөсүнүн өкүлү Салимбай Абдувалиев же каймана аты Салимбай "байбача" менен байланышы бар экени айтылып, ал тургай алардын чогуу түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Бул өз кезегинде кызуу талкууга жем таштаган.