Жаңылыктар
Өлкөнүн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына 25 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына 25 жыл

Жазалоочу ыкмадан өнөктөштүк мамиле артык. Өлкөнүн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы учурда дал ушундай ыкмада иш алып барууда. Бүгүн экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматы 25 жылдык мааракесин белгилөөдө. Анда мекеменин келечектеги багыты жана жетишилген жыйынтыктарга саресеп салынды. Майрамдык салтанатка Премьер-министр Сапар Исаков катышып, мекеменин кызматкерлерин куттуктады. Ошону менен бирге куттуктоолор Президенттин жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын атынан да айтылды.

Чейрек кылымдын ичинде оор жана татаал жолду басып өткөн мекеме кандай кырдаал болбосун өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун чебинде болду. Эми кызмат жаңыча иш барып барууга кадам таштады. Бул аракеттер Укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча президенттин жарлыгына ылайык жана “Таза Коом” программасынын алкагында ишке ашырылууда. Андагы башкы мүдөө коррупция менен күрөшүү. Мекеменин жетекчиси алдыдагы беш жылда ишке ашыра турган максаттарды атады.

Кызматтын жалпы жамаатын мааракеси менен куттуктаган Премьер-министр Сапар Исаков учурда “Таза Коом” программасынын алкагында салык жана бажы кызматында жүрүп жаткан реформаларга көмөктөшүп, жардам берүүгө чакырды.

Ишинде артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерге Премьер-министр өкмөттүн ардак грамоталарын, энчилүү сааттарды жана ыраазычылык каттарын тапшырды. Мекемеге болсо “Нива” үлгүсүндөгү 6 унааны белек кылды. Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоодо жигердүү иш алып барган Нурлан Айткулов Ардак грамота менен сыйланды. Мекемеде 20 жылга чукул иштеп жаткан подполковник бир топ чуулгандуу кылмыштардын бетин ачкан.

Экономикалык кылмыштар менен каршы күрөшүү кызматы 25 жылдын ичинде, ушул тапта дагы бизнеске, инвесторлорго жагымдуу шарт түзүп, экономикалык кылмыштардын алдын-алып, коррупцияны ооздуктоо жана мыйзамсыз аракеттерге баргандарга каршы күрөш жүргүзүп келет. Анын натыйжалуу жыйынтыктары бар.

Ошону менен бирге экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматынын айрым кызматкерлери Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы жана башка министрлик мекемелердин сыйлыктары менен сыйланышты. Мааракелик иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.