Жаңылыктар
Германиянын Мюнхен шаарында коопсуздук боюнча эл аралык конференция өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Германиянын Мюнхен шаарында коопсуздук боюнча эл аралык конференция өттү

Германиянын Мюнхен шаарында 16сынан 18-февралга чейин коопсуздук боюнча эл аралык конференция өттү. Ага жыйырмадай мамлекеттин башчылары жана премьер-министрлери, 40тан ашык коргоо жана тышкы иштер министрлери катышты. Иш-чарага Мюнхен коопсуздук конференциясынын төрагасынын чакыруусу менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да катышты. Мында кыргыз делегациясынын башчысы бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрүп, анда кызматташтык боюнча бир нече келишимдер жетишилди.

Конференциянын катышуучулары Америка Кошмо штаттары менен Түндүк Кореянын ортосундагы мамилени, Сауд аравиясы менен Ирандын күндөн күнгө кызып жаткан атаандаштыгы, Иран менен Израилдин ортосунда күч алган чыр чатак жана НАТО менен Орусиянын мамилесиндеги чыңалган кырдаалды талкуулашты.

Жыл сайын өтүүчү Мюнхен конференциясынын негизги темасы - коопсуздук. Бул дүйнөдөгү эн ири бейформал аянтча. Жогорку деңгээлдеги катышуучулардын саны боюнча ага дүйнөдөгү бир дагы бул сыяктуу форум тең келе албайт. Жалпы жыйында коопсуздукту камсыздоо жаатында эл аралык кызматташтыкты тереңдетүү жана чыр чатактарды тынч жол менен чечүү маселесине артыкчылык берилди. Бирок бул жерде маанилүүсү расмий программалар эмес, саясатчылардын жана серепчилердин бейформал жолугушуулары. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ЕККУнын баш катчысы Томас Гремингер менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен ЕККУнын мындан аркы кызматташтыгын талкуулашып, жана аны бекемдөө жолдорун сүйлөшүштү.

Жалпысынан коопсуздук конференциясы өз максатына жеткени, дуйнөдөгү коопсуздук маселелерин чечүү боюнча маңыздуу талкуу орун алганы белгиленди.