Бир канча жыл мурдараак айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү чакан жана орто ишканалар ири шаарларга гана ачылып, сырттан келген инвесторлор негизинен каражаттарын борборго гана жайгаштырууга умтулушса, азыр абал өзгөрдү. Биринчиден, сырткы инвесторлор да аймактарга умтула башташты. Ал ортодо ички инвестициянын көлөмү дагы былтыркы жылга салыштырмалуу өсүш берүүдө.
Кезегинде Ирандан импорттолуп алынып келинчү карбонат кальций былтыртан бери Кыргызстандан чыга баштады. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен 650 миң долларга сатылып алынган мына бул техниканын жардамы менен, ишкана күн сайын 20 тоннадан ашык боекторду чыгарууга жетишти. Курулуш тармагына керектелүүчү бул боектор эми ички рынокто гана эмес, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга экспорттолуп жатат.
Былтыркы жылдын ичинде эле дал ушул сыяктуу тамак-аш, азык-түлүк багытында кайра иштетүүчү 10 ири ишкана ачылган. Натыйжада 500 гө жакын жумуш орундары түзүлгөн. Мындай жагдай аймактарды өнүктүрүү жылына карата эң негизги артыкчылыктуу кадам болуп калды.
Бир канча жыл мурдараак айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү чакан жана орто ишканалар Бишкекте, Чүйдө, Ош шаарларында гана ачылып, сырттан келген инвесторлор негизинен ири шаарларга гана каражаттарын жайгаштырууга умтулушса, азыр абал өзгөрдү. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду дагы быйыл аймактарга өзгөчө басым жасап, бир катар ири долбоорлорду каржылоо астында турат.
Экономика министрлигинин маалыматында, былтыркы жылы соода-сатыктын көлөмү бир кыйла өстү. Мунун айынан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортоо 27 пайызга жогорулаган.
Адистер баамдашкандай, кайра иштетүү тармагына көңүл буруу ушул темп менен кетсе, аймактарды өнүктүрүү жылы өз мүдөөсүнө чыгат. Анткени кайра иштетуучу ишканаларды ачуу менен чийки сырье экспортоочу олко эмес, даяр продукция өндүрүүчү жана өндүрүлгөн продукцияны өз баасынан эки эсе кымбат сатуучу айыл чарба багытындагы өлкөгө айланууга негиз бар.