Жаңылыктар
Борбордо эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чаралар өтүүдө
Билим
Борбордо эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чаралар өтүүдө

Эл аралык эне тил күнүнө карата Бишкек шаарында мектептер жана бала бакчалар арасында сынактар өтүүдө. 

Иш-чара күн мурун борбор калаанын Свердлов районундагы 10 мектептин катышуусунда өтүп, анда окуучулар мамлекеттик жана башка улуттун тилдери боюнча күч сынашты. Программага ылайык, катышуучулар ар улуттун каада-салты, маданияты, улуттук тамагы жана тили боюнча маалымат беришип, ал мамлекеттин өзгөчөлүктөрүн айтып беришет. 

Иш-чарада катышуучулар ыр бий боюнча өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты. Бул өңдүү сынак бала бакчалар арасында да орун алып, анда бөбөктөр эмес, бала бакча тарбиячылары күч сынашышты. Жеңүүчүлөр үчүн райондун билим берүү борборунан атайын белектер камдалып, жеңүүчүлөр андан ары тил сынагы боюнча шаардык деңгээлдеги иш-чараларга жолдомо алышмакчы.

 Эл аралык эне тил күнү Кыргызстанда 21-февралда белгиленет.