Жаңылыктар
Өлкөгө сапатсыз ак калпакты сырттан алып кирүүгө тыюу салуу коомдук талкууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөгө сапатсыз ак калпакты сырттан алып кирүүгө тыюу салуу коомдук талкууда

Кыргызстанга сапатсыз ак калпакты сырттан алып кирүүгө тыюу салуу сунушун Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеп жатат. Учурда бул долбоор коомдук талкууга коюлду. Ар бир жаран Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн сайттарында жүрүп жаткан талкууга катышып, пикирин жазып, сунуштарын киргизе алат. 

Калпактарды сатуу менен жеке ишканалар алектенгендиктен, коңшу өлкөлөрдөн синтетикалык материалдан жасалган калпактар алынып келип жатканы маалым. 

Буга байланыштуу чет элдик коноктордун алдында кыргыздын накта улуттук баш кийиминин баркы түшүп жатат. Токтом долбоорунун негизги максаты — кыргыз элинин улуттук маданияты үчүн намысын күчөтүү, улуттук дөөлөттөрдү насыйкаттоо жана өсүп келаткан муунга руханий тарбия берүү. 

Айтылгандардын негизинде демилгелеген “Улуттук баш кийим - ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун Өкмөт министрликтер менен ведомстволорго макулдашуу үчүн жөнөтөт.