Жаңылыктар
Борбор калаадагы 15 көчөнүн кесилишине жол чырактар орнотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаадагы 15 көчөнүн кесилишине жол чырактар орнотулат

2018-жылдын биринчи жарымында жалпысынан ордо калаадагы он беш көчөнүн кесилиштерине жол чырактар коюлат. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясы кабарлады. Анын ичинде 9-февралда кандуу кырсык болгон Элебесов – Витебск көчөлөрүнүн кесилиши да бар.

Эки көчөнүн кесилишинде кичи автобус катуу келип, жол четинде баласын көтөрүп турган келинди сүзгөн. Келин алган жаракатынан ооруканага жетпей каза тапкан. Анын эки жашар кызынын жамбаш сөөгү талкаланып, азыр бир бутунан ажырап ооруканада жатат. 

Кичи автобустун айдоочусуна кылмыш иши козголуп камакка алынган. Каргашалуу окуядан кийин жергиликтүү тургундар кесилиште жол чырак жок болгондуктан, жөө жүргүнчүлөр үчүн чийилген тилкеден ары-бери өтүү кыйын экенин, машинелер катуу жүрөрүн айтышкан. 

Муниципалитеттет билдиришкендей, жол чырактарды орнотуу иштери жол кырсыктарын азайтуу үчүн жүргүзүлүүдө. Эске  салсак, өткөн жылы автоавариялардан улам өлкөнүн жолдорунда 907 адам көз жумган.