Жаңылыктар
Т.Тургуналиев:“Коррупция- мамлекеттин денесиндеги кара шишик, аны терапия жолу менен дарылоо мүмкүн эмес"
Коррупция
Т.Тургуналиев:“Коррупция- мамлекеттин денесиндеги кара шишик, аны терапия жолу менен дарылоо мүмкүн эмес"

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көргөн Кыргыз Туусу коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевдин “Коорупцияга каршы күрөшүүнү жалпы улуттук кыймылга айлантуу демилгеси колдоого арзыйт жана бул демилгени президент Сооронбай  Жээнбеков да колдойт деп ойлойбуз деген пикири менен бөлүштү. Өлкө башчысынын “коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө гана натыйжа болот, мен бул күрөштүн башында турам”- деген чакырыгы коомчулуктун колдоосуна ээ болуп жатканын белгилеген бүгүнкү сан колдоп чыккандардын алгачкылары деп Топчубек Тургуналиевдин билдирүүсүн “Коррупция- мамлекеттин денесиндеги кара шишик, аны терапия жолу менен дарылоо мүмкүн эмес деген аталышта тааныштырды. 

Тургуналиев бул билдирүүсүндө коррупцияга каршы күрөш эмне үчүн жалпы улуттук кыймылга айланашы керектигин чечмелеп, азыркы парламенттеги 120 депутаттын 100ү таза эмес экенин, ЖКти коррупцияга аралашкан депутаттардан арылтышыбыз керек экенин, партиялык тизмедеги орундар Ош базарындагы соода орундарындай эле сатылганын, акчалуулар партиялык тизменин баш сабынан орун алып,акчасы жоктор тизменин арткы сабында калганын белгилеген. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"