Жаңылыктар
Ошто көк бөрү менен кунан чабыш 3 күнгө созулат
Спорт
Ошто көк бөрү менен кунан чабыш 3 күнгө созулат

Ош шаарында көк бөрү, кунан чабыш боюнча мелдеш өткөрүлөт. Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Токтосун Камчыбековдун айтымында, мелдешке катышуу үчүн Ош, Жалал-Абад облустарынан улакчылар келишет.

Маалым болгондой, кунан жарышка учурда 15 ат даярдалып жатат. Мелдеш 23-24-25-февраль күндөрү Ош шаарындагы ат майданда өтөт.