Жаңылыктар
Бишкекте Нооруз майрамына карата сүрөт көргөзмөсү ачылды
Маданият
Бишкекте Нооруз майрамына карата сүрөт көргөзмөсү ачылды

Аталган иш чарага аймактардагы көркөм сүрөт мектебинин окуучуларынын эмгектери коюлду. Анда скульптура, живопись жана графика болуп, жалпы эки жүздөн ашык чыгармалар орун алды. 

“Бул көргөзмө Нооруз майрамына карата бизди курчап турган дүйнөлүк кереметтин кооздугу да. Жаратылыш менен адамдын тыгыз байланыштыгын көрсөтүп турат. Бул көргөзмөгө катышкан окуучулар жыл сайын эл аралык көргөзмөлөргө катышып турат жана эң алдыңкы сыйлыктарга ээ болуп турушат” - дейт уюштуруучулардын бири Айзада Макешова.

Иш-чара Кыргыз улуттук көркөм сүрөт Академиясы тарабынан жыл сайын өткөрүлөт. Мындай саамалыктар окуучуларга дем берип, талантынын андан ары өркүндөшүнө өбөлгө болот дейт уюштуруучулар.