Жаңылыктар
"Кыз-жигит Сармерден" долбоорунун шайыр жеңеси Анара Шаимкулова болду
Маданият
"Кыз-жигит Сармерден" долбоорунун шайыр жеңеси Анара Шаимкулова болду

КТРКнын негизги долбоорлорунун бири катары саналган “Кыз-жигит Сармерден” көрсөтүүсүнө  шайыр жеңе катары фольклор ырчысы Анара Шаимкулова тандалып алынды. Нооруз майрамына карата даярдала турган чыгарылышка, Сармердендин көрөрмандары эрке баланын жанынан жаңы шайыр жеңенин өнөрүнө күбө боло алышат.

Эл арасындагы таланттуу айымдар арасында шайыр жеңенин ордуна сынак жарыяланып, катышкандардын саны көп болду. Тандоо 3-тур менен өтүп,  акыркы тандоо турунда калыстардын купулуна фольклор ырчысы Анара Шаимкулова толду. 

“Кыз-жигит Сармерден” долбоорунун жаңы шайыр жеңеси тууралуу кыскача баяндама:

Анара Шаимкулова Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Карамарт айылында 1978-жылы жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылык эмгек жолун "Гүлгүн жаш" элдик тобунан баштаган. Учурда Эдигеев атындагы Арашан элдик фольклордук ансамблинин солисти, Маданияттын мыкты кызматкери.

"Кыз-жигит Сармерден" теледолбоору Коомдук биринчи каналдын 2012-жылдан бери көрсөтүлүп келе жаткан долбоору. Былтыр долбоор 5 жылдык мааракесин белгилеп, улуттук филармонияда салтанаттуу концерт уюштурулган.