Жаңылыктар
Көптү үмүттөндүргөн өндүрүш
Экономика
Көптү үмүттөндүргөн өндүрүш

Чаткал районунда тоо-кен казуу боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген “Эти Бакыр” компаниясы, жаңы алтын ылгоочу фабрика курат. Эгер жаңы фабрика бүткөрүлсө жергиликтүү калк үчүн дагы 200 дөн ашуун жумушчу орун пайда болуп, мамлекетке түшүүчү каржаттын жана социалдык пакеттин төлөмү көбөйөт. 


Терек-Сай кенин иштетип жаткан “Эти Бакыр” компаниясы Түркиядагы жезди металл түрүндө өндүргөн тоо-кен тармагындагы эң чоң менчик ишкана. Аталган компания Кыргызстанда, тагыраак айтканда Терек-Сай аймагында кен казуу ишмердүүлүгүн 2016-жылдан тартып жүргүзүп келет.

Терек-Сай аймагына 1930-жылдары геологиялык чалгындоо жүргүзүлүп, тоо кен байлыктары аныкталып, мамлекет кенди казуу иштерин 1940-жылдан баштаган. Чейрек кылымга жакын иштеп келген ишканада жабдуулар эскирип, кендин запасы азайып, чоң көлөмдөгү инвестиция жумшоону талап кылган.