Жаңылыктар
Чубак Жалилов: "Нооруз кыргыздардын майрамы эмес"
Кыргызстан жаңылыктары
Чубак Жалилов: "Нооруз кыргыздардын майрамы эмес"

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов кыргызстандыктарды Нооруз майрамын белгилебөөгө чакырды. Ал мындай көз карашын эл чогулган жерлерде айтып, мындан сырткары, социалдык тармактарга кеңири жайылта баштады.

Чубак ажынын кезектеги ой жоруусу бүгүнкү күндө коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. Көпчүлүгү дин- мамлекеттик саясатка  аралашып кетти деп ажынын айткандары үчүн күч органдары тарабынан тартипке чакырылуусу керек дешсе, аны колдогондор да бар. 

Тарыхый маалыматтарда, күн менен түн теңелген күнү, же 21-мартта  көпчүлүк түрк тилдүү мамлекеттерде Нооруз майрамы байыртан белгиленип келери жазылат. Анын ичинде кыргыздар да  илгертен бул күнү амал келди деп, тапка келген жерге алгачкы борозду сала үрөндүк буудайдан кочуштап чачышып, түшүм мол болсун деп тилек айтышкан. 

Нооруз токчулуктун, ырыскынын, жаздын майрамы катары белгиленген. Союз мезгилинде гана Ноорузду белгилөөгө тыюу салынып келгени менен өлкө көз карандысыздыгын алган жылдардан баштап ал кайрадан жандана баштаган. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.  

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"