Жаңылыктар
С.Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Баткен облусунда
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Баткен облусунда

Жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда өлкө башчы, мамлекет азыр дал ушул өлкөнүн алыскы аймактарына өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирди.Баткен облусундагы иш сапарын мамлекет башчы-Сооронбай Жээнбеков, алгач Лейлек районунан баштады. Сүлүктү - Совет бийлигин орноткон Кыргызстандагы алгачкы калаа катары Союзга аты белгилүү шаар болсо, Лейлек району өзүнүн тарыхта алтын тамагалар менен сакталып калган улуу инсандары, коомдук, советтик ишмерлери менен сыймыктанат. Алардын бири-Исхак Раззаковдун «Сен таза болсон, мен таза болсом, коом да таза болот» деген учкул сөзү ар убак жаштарга орнок болоорун өлкө башчы билдирди. Мамлекет башчы, Аймактарды өнүктүрүү жылында, өзгөчо көңүл аймактардын социалдык, экономикалык абалына бурулаарын белгиледи. Ага ылайык, конуштарды таза суу, сугат суу менен камсыздап, жер-жерлерде айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчу ишканаларды куруу менен жумушчу орундарын түзүүгө мамлекет тарабынан болгон мүмкүнчүлүктөр жумшалат. 


Өзүнүн президенттик мөөнөтүндө жемкорлук менен күрөшүү эң приоритеттүү багыт болуп калаарын белгилеген мамлекет башчы, коорупция менен паракорлукту ооздуктоого карапайым калктын жардамы керек болорун айтып, жарандарды ар кандай жагдайларга көңүлкош карабоого чакырды. Өлкө соңку жылдары бир катар олуттуу, оор сыноолорду баштан кечиргенин айткан мамлекет башчы, эгемендик алган жылдардан тартып, такталбай, чечилбей келе жаткан чек араларды делимитация, демаркациялоо иштери сонку эки жылда коңшу мамлекеттер менен орток пикир табуунун натыйжасында бир топ жетишкендиктерге жетишилгенин билдирди. 

Өлкө башчыга жергиликтүү эл, таза суу, оорукана, мектеп, бала-бакча, жол сыяктуу көйгөйлөрүн билдирди. Баткен облусунун 76 айылына таза суу жеткен эмес. Максат айылындагы 800 гектар жерге сугат суу керектелсе, аталган аймакта жер, турак үйлөрдү камсыздандыруу көйгөйлөрү бар. Исфана шаарындагы 4000 жеткинчектин 21 пайызы гана бала-бакчага барса, Кулунду жолу ремонтко муктаж. 

Ондогон жылдар бою көз жаздымында калып келген бул маселелерге соңку төрт жылдан тартып гана көңүл бурула баштаган. Аймактарды өнүктүрүү жылында бул аракеттер дагы улантылат. Алгачкы аракетер башталды. Быйыл аталган аймакка кубаттуулугу 110 киловаттык И.Раззаков атындагы көмөкчү чордон курулат. Бул аймактын элинин электр жарыгына болгон мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан Баткендеги таза суусу жок 76 айылдын 61 айылына таза суу жеткирүү аракети башталды. Учурда облустун аймагында 14 социалдык объектинин курулушу журуп жатат. Соңку беш жылда Баткенде 9 орто мектеп, 11 бала бакча салынган. Мунун төртөө дал ушул Лейлекте. Натыйжада, жеткинчектердин бакчага тартылуусу 40 пайызды түзгөн. Бакча курагындагы балдардын бакчага тартылуусу- 2010-жылы 10 пайызды гана түзгөн.