Жаңылыктар
Баткен облусунун чек арачылары Президенттин колунан жаңы батирлердин ачкычтарын алышты
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусунун чек арачылары Президенттин колунан жаңы батирлердин ачкычтарын алышты

Өлкө башчы Баткен жергесине барган учурунда Исфана шаарындагы чек арачыларга кызматтык жаңы үйдүн батирлеринин ачкычын тапшыруу салтанатына да катышты. Ошондой эле жаңы конуштун балдар аянтчасынын курулушуна 200 миң сомдук сертификат тапшырылды Замирбек Бугубаев, аталган аскер болукто 10 жылдан бери кызмат отоп келет. Тан эрте кетип, тун жарымында кайткан чек арачынын минтип балдары уктай элегинде жумуштан кайткан учуру чанда гана болот. 

Уйдогу торт баланы тарбиялап, чонойтуу жубайы - Канымай Кармышакованын жоопкерчилигинде. Алты жан жашаган Бугубаевдерге, мамлекет тарабынан курулган кызматтык уйдон эки болмолуу батир болунду. Беш жыл аралыгында беш ирет батир которгон Акмоорго, уй буюмдарын жыйнап тануу кыйынчылык деле жаратпайт. Бул жолу оз уйубузго кочобуз деп кубанып отурган жаш жубайлар мамлекетке ыраазы. Баарынан да, айылдагы ата-энесинин колунда тарбияланып жаткан уулу учун кубангандарын жашырбайт. Мамлекеттик Чек ара кызматкерлери учун курулган коп батирлуу уйдун ачылыш салтанатына олко башчы - Сооронбай Жээнбеков катышты. 

Жаны батирлердин ачкычын тапшырып жатып, олко башчы, сонку жылдары Кыргызстандын куч тузумдоруно мамлекет коруп жаткан камкордуктарга токтолду. Мамлекеттин коопсуздугу - чек арадан башталаарын айткан президент, чек ара кызматчылары үчүн жаңы үйдүн ачылышына катышып жатканына чын дилинен кубанды. Акыркы жылдары мамлекет өз армиясына, чек арачыларга ар тараптан камкордук көрө баштады. Бул иште мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин эмгеги чоң.

Биз мындан ары да Куралдуу күчтөрдү, анын ичинде Чек ара аскерлерин ар тараптан бекемдеп, аскер кызматчыларынын жашоо-тиричилигин, кызматтык шарттарын жакшыртабыз. Аскер шаарчаларын жана жаңы үлгүдөгү чек ара тозотторун, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү үчүн турак жайлар дагы курулат”, - деп белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков жашоо-шартка байланышкан кыйынчылыктарга жана көйгөйлөргө карабастан, ата конушун таштап кетип калбай чек ара боюндагы аймактарда жашап, эмгектенип жаткан кыргызстандык жарандарга ыраазычылык билдирди. 

“Мамлекет чек ара боюндагы аймактарды колдоого айрыкча көңүл бөлөт”, - деп белгилеген мамлекет башчы - жаны конуш ээлерине балдар аянтчасынын курулушу учун деп 200 миң сомдун сертификатын тапшырды. Мамлекет башчы, ар бир дыйкан-фермер оз продукциясына биокаражат берээрде кылдат конул бурушу керектигин баса белгилеп айта кетти. Бир эле туура эмес дарынын кесепети тонналаган айыл чарба онумун сыртка экспорттоого кесепетин тийгизип коюшу ыктымал. Учурда республиканын ар бир облусунда бажы биримдигинин шарттарына жооп бере алчудай заманбап лабораториялар курулуп жатканын белгиледи. Олко башчынын аймактарга болгон сапары эртен, Баткен району менен Баткен шаарында улантылат.