Жаңылыктар
Мигранттар пенсиясыз калбасын
Кыргызстан жаңылыктары
Мигранттар пенсиясыз калбасын

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсия менен камсыздоо маселесин ыкчам кабыл алуу зарылчылыгы турат. Келишим эки жылдан бери талкууланып келет. Кезектеги көчмө жыйын Бишкекте өттү. Отурумдун ишине уюмга мүчө мамлекеттердин тийиштүү адистери, өкмөт өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана эксперттер катышты. Учурда келишим даяр болуп, такталбаган жагдайлар боюнча келишпестиктер жоюлду. 

Жыл аягында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында келишимге кол коюлаары күтүлүүдө. Уюмдун негизги талаптарынын бири эмгек базарына келип ээн-эркин, каалаган кызматында иштөөгө мүмкүнчүлүк берет эмеспи. Ага ылайык бир топ тоскоолдуктар жоюлду. Болгону эмгек мигранттарынын пенсия чегерүү маселесинин башы чечилбей келген. Эмгек мигранттары камсыздандыруу төгүмдөрүн мыйзамдуу төлөгөнү менен ал кийин пенсия болуп бербейт. 

Келишимде болсо бул жагдайлардын баары эске алынган. Келишим үстүндө иштеген эки жылда уюмга мүчө мамлекеттердин адистери келечекте маселе жаралбагыдай кынтыксыз иштеп чыгууга басым жасады. Антпесе ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде пенсияны чегерүү боюнча мыйзамдар ар кандай жана пенсиялык курак боюнча да айырмачылыктар бар. Ошондуктан келишим уюмга мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо маселесинде бирдиктүү документ болот. 

Ар бир өлкөнүн пенсияга чыгуу курагы эске алынган.  Адистер белгилегендей эгер эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздоо боюнча келишимди кабыл алуунун бир топ артыкчылыктуу жактары бар. Алардын айрымдарын санап өтсөк: ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө эмгектенген мигранттарды пенсиялык камсыздандыруу боюнча келишим такталып аягына чыгып калды. Документ эми Армения менен Орусияда өткөрүлө турган тегерек үстөлдөрдө да дыкат талкууланат.