Жаңылыктар
Д.Жумабеков Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Д.Жумабеков Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушту

Төрага бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышып, Тоң районунун Кара-Коо айылында 2014-жылы курулуш иштери башталып, бирок каражаттын жетишсиздигинен улам токтоп калган мектеп имаратын көрдү. Балыкчыдагы жаңы ачылган тоо-кен өндүрүш ишканаларынын тетиктерин оңдоочу мекеменин иши менен таанышты. Каракол шаарынын активдери менен жолугуп, көйгөйлөрдү укту. Балыкчы шаарындагы тоо-кен өндүрүшүнө тийиштүү техникаларды толук оңдоп түзөөдөн өткөрө турган бул ишкана ачылып иштей баштаганына бир ай боло элек. Бирок буйрутмалар көп. Адистердин токсон пайызы жергиликтүү тургундар. 


Алар атайын окуулардан өтүп келишкен. Адистердин айтымында бул ишкана Кыргызстанда жалгыз. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун биргелешкен долбоору катары иштеп жатат. Төрага бул ишкананын иши менен таанышуу учурунда өкмөт ишкананы колдоого алып, болгон шарттарды түзүүгө кызыкдар болушу керек экендигин белгиледи. Тоң районунун Кара-Коо айылдык мектебинин эки корпустуу имараты 2014-жылдын декабрь айында курулуп баштаган. Жалпы сметалык баасы 48 млн сомдон ашык турган курулуштун 45 пайызы бүткөрүлгөн соң каражаттын жетишсиздигинен улам токтоп калган. Бирок жергиликтүү тургундар мектеп курулуш талаптарына ылайык жүргүзүлбөй жатканын айтып нааразы болушууда.