Жаңылыктар
“Трансформация” элдик кыймылынын аракети кайрадан талкууга жем таштады
Кыргызстан жаңылыктары
“Трансформация” элдик кыймылынын аракети кайрадан талкууга жем таштады

Кыймылдын координатору Бекназар Айталиев маалымат жыйында бийликке кайрылып, айдоо жерлерди мыйзамдаштыруу талабын уланта берерин билдирди. Сөз Бишкек шаарынын четиндеги жер аянттары тууралуу болуп жатат. Активисттердин кызыкчылыгы - турак жай түшө элек сугат аянттарын мыйзамдаштырып алууну көздөп жатат.

Көңүл борбордо баягы эле адамдар. Өткөн жумада Көк-Жар айылынын жашоочулары менен жарандык активисттер Ак үй алдына жерлерди трансформациялоо талабын коюп митинг өткөргөн. Бул жолу алар маалымат жыйын уюштуруп жерлерди мыйзамдаштыруу талабын уланта берээрин жана өзүлөрүнө каралоо жүрүп жатканын билдирди. Кыймылдын лидери социалдык тармактарга тараган ушул видео тасма тууралуу сөз кылууда. Видеонун автору ким экени белгисиз.

Бул тасма “Трансформация” кыймылынын бетин ачып жаткан сыяктуу. Кыймыл өкүлдөрү Көк-Жар айылынын жашоочуларынын ишенимин пайдаланып, элдин таламын талашып жаткандай көрүнөт. Алар байма-бай уюштурган нааразычылык акциялар аркылуу бийликке кысым көрсөтүүдө. Митинг башында тургандар мараторий кирген жерлер мыйзамдашсын деп ураан чакырып жатканын көрсө болот. Бирок, бул кыймылдын арасында бош жаткан жерлерди көпчүлүктүн аркасы менен трансформациялап туруп бөлүп сатууну көздөгөндөрү бар. Көк-Жар айыл башчысынын айтымында, “Трасформация” элдик кыймылынын катарын толуктаган Анвар Курмушиевдин наамына айыл чарба багытындагы бир нече гектар жер катталган. 5-6 жыл мурун Анвар Курмушиев Аламүдүн районунан бир нече кишинин үлүш жерин сатып алган. Аны тастыктаган документтер бар. 

Учурда Курмушиев 10 гектардан ашык сугат жерге ээлик кылат. Курмушиев биздин каналга берген интервьюсунда айыл чарба багытындагы жерлерге ээлик кыла турганын танган жок. Ал айдоо талаасына турак жай куруу пландары бар экенин билдирди. Ал эми Ички иштер министрлиги расмий түрдө бул иштерге эч кандай тиешеси жоктугун маалымдады. Эскерте кетсек, 2009-жылы эле айыл чарба жерлерин трансформациялоого мораторий киргизилген. Мыйзам айдоо аянттарга турак жай курууга жана өз алдынча басып алуулардан коргоо максатында кабыл алынган. Ошондой эле бул мыйзамдын өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоого кошкон салымы чоң.