Жаңылыктар
Мектептер 5 күндүк окууга өтөт
Билим
Мектептер 5 күндүк окууга өтөт

Президент Сооронбай Жээнбеков "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" жаңы мыйзамга кол койду. 

Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун 2018-жылдын 10-январында кабыл алган. Мыйзам мектептерди алты күндүк окуу жумалыгынан беш күндүк окуу жумалыгына которуу максатында кабыл алынды. 

Тактап айтканда, "Билим берүү жөнүндөгү" Мыйзамдын 16-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталды: "Менчигинин формасына карабастан, жалпы билим берүү уюмдарында жетиштүү окуу жүктөмүнүн чегин эске алуу менен беш күндүк окуу жумалыгы белгиленет". 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.