Жаңылыктар
Бишкекте кичинекей кызды коюп кеткен айдоочу жоопко тартылат
Кырсык
Бишкекте кичинекей кызды коюп кеткен айдоочу жоопко тартылат

Бишкектин Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей кызын унаа коюп кеткен эне табылып, окуя кандай болгонун айтып берди.

Анын көрсөтмөсү тартылган видеону ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы жарыялады. Кызын унаа сүзгөндөн кийин энеси ошол айдоочу менен балдардын №3- ооруканасына алып барышкан. 

Бирок кезек көптүгүнө байланыштуу дарыгерге кайрылышкан эмес. Айдоочу андан кийин кызды Жалдагы балдар ооруканасына алып барган. Аял шок абалында болгондуктан учурунда айдоочунун аты-жөнүн сурабай калгандыгын билдирди. Милициянын маалыматына караганда машина коюп кеткен кыз толугу менен медициналык кароодон өткөн. Денесинин айрым жерлери гана сыйрылып, олуттуу жаракат алган эмес. 

Бирок, катуу коркуп калган. Учурда жеткинчекти коюп кеткен унаанын мамлекеттик номери аныкталып, айдоочуну кармап, чара көрүлгөнү жатат. 

Эске салсак, 19-февраль күнү кичинекей кызын жетелеген аял жолду туура эмес жерден кесип өтүп бара жатканда, кызды машина коюп кеткен. Көзөмөл камерага түшүп калган видеодо соккудан кыз бир канча метрге чейин ыргып түшүп, энеси аны жолдун чекесине алып чыкканын көрүүгө болот. Андан соң жабыркагандар аларды коюп кеткен машинага отуруп, батышты көздөй бет алышкан.