Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков эки күндүк жумушчу сапар менен Баткен облусунда болду
Кыргызстан жаңылыктары
 Сооронбай Жээнбеков эки күндүк жумушчу сапар менен Баткен облусунда болду

Быйыл өзгөчө көңүл республиканын эң алыскы аймактарына бурулат. Каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн атайын жумушчу топ иштеп жатат. Президент Сооронбай Жээнбековдун мына ушул аймактарга болгон иш-сапары улантылууда. Аймактын 76 айылына таза суу жетпесе, миңдеген гектар жер сугат суусу жок, какшып жатат. Ушул көйгөйлөрдү жергиликтүү эл мамлекет башчысына билдирди.

Президент Баткен элинин дагы бир кубанычына ортоктош болду. Дыйкан-фермерлердин айыл-чарба өсүмдүктөрүн ар кандай зыянкечтерден жана илдеттерден коргоого багытталган мекеменин ачылышына катышты. Муну менен түштүктөгү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйкан-фермерлеринин биокаражаттарды чет жактардан сатып келүү түйшүгү жоюлду. Мамлекеттик бюджеттен 14 млн.сомго курулган бул объектинин мааниси чоң. Экологиялык биокаражаттар даярдалуучу фабриканын ишке кириши менен аймакта таза органикалык-экологиялык айыл-чарба продукцияларын өндүрүүгө, аны Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттоого жол ачылат.