Жаңылыктар
Жеңишбек Касымовго дарыгерлер “боор альвеококкозу” деген диагноз коюшту
Ден соолук
Жеңишбек Касымовго дарыгерлер “боор альвеококкозу” деген диагноз коюшту

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын айдоочусу 31 жаштагы Жеңишбек Касымовго дарыгерлер “боор альвеококкозу” деген диагноз коюшкан. Альвеококкоз - мите курттун бир түрү. Ал кайсы органга жабышса, акырындап кургатып жок кылат. Андыктан боорду алмаштырып же операция аркылуу тазалап чыгуу керек. 

Бул үчүн 45 миң доллар керек, Жеңишбекте мындай каражат жок. Ак халатчандар эгерде операцияны эртелетпей, узакка создуктуруп жиберсе кеч болуп калышы мүмкүн деп эскертишүүдө.