Жаңылыктар
Окуучулардын арасында көрүүсү начарлагандар арбын
Ден соолук
Окуучулардын арасында көрүүсү начарлагандар арбын

Балдардын дээрлик 70 пайызы мектепти бүткүчө эле алысты жакшы көрө албай калышат. Бул тууралуу Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип чет элдик басылмалар жазды. Адистердин айтымында, алысты көрбөй калуунун эки себеби бар. Биринчиси — тукум куучулук, экинчиси — компьютерди көпкө тиктөө. Балага көз оору энеден дагы, атадан дагы өтүшү мүмкүн. 

Андыктан ата-энесинин бири гана көз айнек тагынса, кийин баласы дагы көздүн азабын тартышы толук ыктымал. Бирок учурда көпчүлүк адамдар алысты дээрлик карабай калгандыктан, көз айнек тагынууга аргасыз жатканы кошумчаланды. "Жаратылышта адамдын көзү алысты кароого ылайыкташкан. Азыр заманга жараша кичинесинен чоңуна чейин компьютер, смартфон, планшет сыяктуу гаджеттерди карап отурушат. 

Тагыраагы, алыска көз чаптырууга убактысы жок. Демек көздүн негизги функциясы аткарылбай калгандыктан, ишинде мүчүлүштүктөр пайда болууда. Бара-бара алысты көрүүгө жардам берген булчуңдары начар иштеп калууда", — деп белгилешет дарыгерлер. Тукум кууган "көрбөй калууну" бир гана операция жеңе алса, компьютерден жабыркаган көздөрдү дарылоочу гимнастика аркылуу калыбына келтирсе болот.