Жаңылыктар
Кара-Көлдө жол кырсыктан 3 адам жабыркады
Кырсык
Кара-Көлдө жол кырсыктан 3 адам жабыркады

Кара-Көл шаарында жол крысык катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМДин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсык 21-февралда саат 12:35 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 411- чакырымында катталган. Анда «Тайота» (мамлекеттик номуру 04 kg 175AAH) жана «Фольксваген» (мамлекеттик номуру №S8208R) үлгүсүндөгү эки жеңил унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жеңил жаракат алышкан.

Окуя болгон жерге ӨКМдин 94 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.