Жаңылыктар
А. Шадиев: "Өкмөттүн бирден бир приаритеттүү тармагы өндүрүштү өнүктүрүү"
Кыргызстан жаңылыктары
А. Шадиев: "Өкмөттүн бирден бир приаритеттүү тармагы өндүрүштү өнүктүрүү"

Энергетика, тоо-кен, өнөр жай тармагын тартипке келтириш үчүн укук коргоо органдары тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 21-февральда  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегасында Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев билдирди. 

Ал аталган комитет боюнча бир катар сын-пикирлер айтылып келгениндигин да айтты. Жыйында комитеттин өткөн жылы өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу тармактары боюнча жетишкендиктер, сектордогу негизги маселелер, 2018-жылга пландары талкууланды. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкүл Идирисов, "Биринчи радио"