Жаңылыктар
Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору
Өзгөчө кырдаал
Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

22-февралдан 26-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы эскертти. 

Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная-Горка — Ак-Таш, Казарман — Актал-Чат, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жана Каракол — Эңилчек жолдорунун тоолуу аймактарында да кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Андыктан автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керек.